Бишкек мэриясы бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине кайрылат

Жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелеринен окуу жылынын аякташына арналган салтанаттуу иш-чараларды кечинде жана түнкүсүн өткөрбөөнү Бишкек мэриясы суранат.

«Окуу жылынын аякташына байланыштуу мугалимдердин жана мектептердин акча чогултуусунун ар кандай түрү кабыл алынгыс экенин эскертебиз. Мындан тышкары, балдар үйдөн жана мектептен алыс болгон учурда аларга өзгөчө көңүл бурууну, шаардагы оюн-зоок жайларына, эл көп чогулган жерлерге өз алдынча барууга жана шаар сыртына саякатка чыгууга жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранабыз. Максаты – окуу процессинин бардык катышуучулары үчүн окуу жылын коопсуз жана кубанычтуу аяктоо. Бишкек шаарынын мэриясы бул маселеге жоопкерчиликтүү мамиле кылууну суранат», — деп жазылат кайрылууда.