Бишкек мэриясы: «Чыгыш автобекеттен Жугуштуу оорулар ооруканасына автобус жүрө баштады»

Мэриянын муниципалдык транспорт башкармалыгы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы жайгашкан Толстой көчөсү боюнча №2 автобус каттамга чыга баштады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Эко Пассажир Транспорт» ЖЧКсы менен бирге каттамдын схемасы иштелип чыкты: Чыгыш автобекети — Жугуштуу оорулар ооруканасы (айланма). Бүгүнкү күндө 12 автобус жүргүнчүлөрдү тейлейт.

Эске салсак, буга чейин жарандар бир нече жолу Жугуштуу ооруканага чейин каттам жоктугун айтып, суранышкан эле.