Бишкек мэриясы «Дордой» базарына жүргүнчүлөрдү 50 сомдон ташыган кичи автобустар аныкталганын билдирди

“Дордой” базарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулардын жаңы эреже бузуулары аныкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Транспорт департаментинин кызматкерлери 4-октябрь күнү эртең мененки саат 07:00дөн 10:00гө чейин каттамга мыйзамсыз кирүүгө жана жол кире акысын уруксатсыз жогорулатууга жол бербөө максатында коомдук транспорттордо мониторинг жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда айдоочулар күн сайын каттамга керектүү уруксат кагаздары жок, каттам тууралуу трафаретсиз чыгып, «Дордой» базарына жүргүнчүлөрдү ташып, 50 сомдон тариф коюп жүргөн 4 кичи автобус аныкталган.

Жыйынтыгында протоколдор түзүлүп, аталган айдоочулар менен иш алып барылып, аларга уруксат кагаздары, график жана бекитилген жол кыймылынын чиймелери жок каттамга кирүүгө катуу тыюу салынгандыгы түшүндүрүлдү.