Бишкек мэриясы: «Дордой» базарына каттаган маршруткалар жол кирени өз билемдик менен көтөрүп алышкан»

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти «Дордой» базарынын аймагындагы коомдук транспортко рейд жүргүздү.

“Дордой” базарынын аймагындагы коомдук транспорттун акыркы пункттарында №252, №226, №230, №203 жана  №234 маршруттук каттамдардын тарифтери боюнча каттамдардын пландуу аткарылышын көзөмөлдөө жана уруксатсыз көбөйтүүгө жол бербөө максатында рейд жүргүзүлгөн. Мониторингдин жүрүшүндө аталган маршруттук линиялар белгиленген кыймыл интервалдарына жана пландалган чыгууларга туура келбегендиги аныкталган.

Мындан тышкары, №226, №234, №252 жана №230 каттамдар коомдук транспорттун бекитилген шаардык тарифин өзүм билемдик менен жогорулаткан.

Жыйынтыгында жүк ташуучу компанияларга мыйзам бузуулар кайталанган учурда катаал чаралар көрүлүп, анын ичинде ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча эскертүүлөр берилген.