Бишкек мэриясы эртең ишембиликке чакырып жатат

Эртең, 10-июнда борбор калаада массалык ишембилик өткөрүлөт. Бишкек мэриясы шаар тургундарын ишембликке чакырып жатат.
«Көчөлөрүбүздү, короолорубузду, сейил бактарды, аянттарыбызды тазалайбыз. Тазалоодо өздүк имараттарга жана курулуштарга жанаша турган ирригациялык тармактарды, ошондой эле шаардык парктарды жана скверлерди тазалоого өзгөчө көңүл бурулат. Чарбалык субъектилердин, уюмдардын жана мекемелердин ишембиликтерин өткөрүү жерлери райондук администрациялар тарабынан аныкталат. Акимчиликтер тарабынан чарбалык субъекттерге ишембиликке катышуу тууралуу билдирүүлөр таратылды», — деп жазылат маалыматта.