Бишкек мэриясы жол акыны көтөрүүнү коомдук талкууга койду

Борбор калаанын мэриясы Бишкек шаардык кеңешинин транспорт жаатындагы айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбооруна укуктук жөнгө салуу жана сунуштарды топтоо боюнча талкуу башталгандыгын жарыялайт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Коомдук транспортто жүрүү үчүн учурдагы жол акы Бишкек шаардык кеңештин токтомуна ылайык, 2012-жылдын 1-майынан баштап белгиленди.

Регулятивдик таасирди талдоонун жүрүшүндө мамлекеттик жөнгө салуунун төмөнкү варианттары каралды:

№1: кандай болсо ошондой калсын;

№2: муниципалдык коомдук транспортторго 11 сом, жеке менчик транспортторго (кичи автобус) 15 сом;

№3: автобус — 15 сом, троллейбус — 11 сом, кичи автобус — 19 сом.

Сунуш, пикириңизди transport305@mail.ru электрондук почтага жиберсеңиздер болот.