Бишкек мэриясы жол киренин көтөрүлүшү боюнча маалымат берди

Бишкекте коомдук транспортто жол кире көтөрүлүүдө. Бул чаралар автобустарда жана троллейбустарда бекер жүрүүгө укугу бар жарандардын категориясына таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

27-декабрда Бишкек шаардык кеңеши тарабынан 2012-жылдын 26-апрелиндеги №312 “Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун долбоору жактырылды. Бул чечим 2024-жылдын 15-январынан тартып күчүнө кирет.

Ошентип, жол кире төмөнкүдөй бекитилди:

Бул чечимди кабыл алууда бир нече маанилүү факторлор бар:

Бир жүргүнчүнү ташуунун өздүк наркы иш жүзүндө 19 сомдон ашыкты түзөт, бул троллейбустарда жана автобустарда жүрүү үчүн учурдагы тарифтер (11 сом), маршруттук каттамдарда — 15 сом болсо, жүргүнчү ишканаларынын чыгашасынын жогору болушуна алып келет.

Ошол эле учурда шаардын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында борбор калаада экологиялык таза отун менен жүрүүчү чоң сыйымдуулуктагы 1 миңден ашык заманбап автобустар сатып алынды. 2024-жылга карата автобустардын жалпы кубаттуулугун 1,5 миң бирдиктен кем эмес жеткирүү пландаштырылууда, бул шаардын керектөөсүн жаба алат.

Коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү үчүн зарыл шарттар түзүлөт. Ошондой эле, муниципалдык автобустардын жана троллейбустардын айдоочуларынын эмгек акысы 22 миң сомдон 50 миң сомго чейин 2,5 эседен ашык көбөйтүлдү. Жол киренин накталай эмес төлөм системасына өтүү да оң натыйжаларды берип, акча агымынын жана жүргүнчүлөрдүн агымынын ачыктыгын камсыз кылууда. Жарандар борбор калаанын мэриясынын өнөктөш компаниялардын кызматтарынан пайдалана алышат, алар тарифтин жогорулатылган бөлүгүндөгү айырманы компенсациялоого даяр.

Тарифтердин көтөрүлүшү автобустарда жана троллейбустарда бекер жүрүүгө укугу бар Бишкек шаарынын төмөнкү категориядагы жарандарына таасирин тийгизбейт:

Бишкек шаарындагы пенсионерлер үчүн кичиавтобустук каттамдарда пенсиялык күбөлүккө жеңилдетилген картасы бар болсо, жол кире акысы 8 сом өлчөмүндө сакталып, бирок колдонуу мөөнөтү 9:00дөн баштап 17:00гө чейин кыскартылды. Мектеп курагындагы балдар айына 360 сом жаңы баада чексиз коомдук транспортто жүрүү билеттерин, ал эми чоңдор айына 1020 сомдон стандарттуу чексиз жол билеттерин сатып ала алышат.