Бишкек шаарынын мэриясынын отун-энергетикалык комплексинин шаардык кызматтары жылытуу мезгилинин башталышына даяр. Бүгүнкү күндө бардык муниципалдык ишканаларда жарандардын үйлөрүн жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралар аткарылды.
Мурда аба ырайынын божомолун эске алуу менен жылуулук берүү 22-күндөн баштап ишке киргизилиши каралган. Бирок Бишкек мэриясынан тиешелүү буйрук келгенден кийин гана жылуулук бериле баштайт.
Жыл сайын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидрометтин болжолдуу маалыматы боюнча жылытуу мезгилинин башталышы абанын орточо суткалык температурасы 5 күн катары менен +8 ℃ болгондо бериле баштайт.