Бишкек мэриясы: «Келинди маршруткага киргизбей койгон айдоочу жазаланат»

Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы №203 маршрутту тейлеген «Бригада Кеңеши» ЖЧКсынын башчысын келинди кызы менен маршруткага киргизбеген айдоочуга карата тиешелүү чараларды көрүү үчүн сүйлөшүүгө чакырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, айдоочунун жумуштан чыгарылышына чейин тиешелүү дисциплинардык чаралар көрүлөт.

Бүгүн соцтармактарга видео тараган. Анда Бишкектеги №203 маршруттук каттамдын айдоочусу унаага жаш келинди кызы менен салбай койгон.