Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол кирени көтөрүүнү сунуштоодо

Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол кирени көтөрүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу мэриянын сайтында айтылат.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын коомдук транспортунда жол жүрүү үчүн колдонуудагы тарифтер жүргүнчүлөрдү ташуучу автопарктарга жана жеке ташуучуларга алардын эксплуатациялык чыгымдарынын өсүү шарттарында зарыл сандагы финансылык каражаттардын келип түшүүсүн камсыз кылбайт жана натыйжада эксплуатациялоонун ченемдик мөөнөтүнө ылайык эксплуатациялык оңдоо, транспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана авторезинаны өз убагында алмаштыруу мүмкүн эместигине алып келет.

Мэрия эксплуатациялык чыгымдарды жана инфляциянын деңгээлин эске алуу менен Бишкек шаарынын коомдук жүргүнчүлөр транспортунда жүрүүгө тарифтерди жогорулатууну сунуштоодо.

Мэрия 14-сентябрга чейин жол кирени көтөрүү боюнча документтин долбоорун жарыялайт.