Коронавирус. Бишкекте күндүзгү стационарлар даярдалып жатат

Архив

Бишкек мэриясы күндүзгү стационарларды ачууга даярдап жатат. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, эпидемиялык абал курчуп кетсе, аларды ачса болот. «Чечимди республикалык штаб жана Саламаттыкты сактоо министрлиги кабыл алышы керек. Бирок биз деле аларды ачууга даяр болушубуз керек», — деди ал. Ар бир райондо эки оорукананы билим берүү мекемелеринин базасында жайгаштырууга болот деп пландаштырылууда. «Төртөө даяр, дагы төртөө даярдалып жатат», — деди ал.