Бишкек мэриясы Нариман Түлеевге жети батир кайтарып бериши керек

Бишкек шаардык соту Түлеевдердин үй-бүлөсүнө мурда муниципалдык менчикке өтүп кеткен 7 батирди кайтарып берүү зарылдыгы боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу вице-мэр Таалайбек Орозов 8-декабрда шаардык кеңештин комиссиясынын жыйынында билдирди.

Февраль айында шаардын экс-мэри Нариман Түлеевге карата үч соттун тең —  Ленин райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку Соттун өкүмү жокко чыгарылганы белгилүү болгон. 2013-жылы соттун өкүмү менен Нариман Түлеев 30-берене (кылмышка шериктеш болуу), 303-берене (коррупция) боюнча күнөөлүү деп табылып, жазасын күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү колониясында өтөөгө, 11 жылга эркинен ажыратылган. Мүлкүн мамлекеттин кирешеси катары конфискациялоо жана 3 жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик кызматты алуу укугунан ажыратылган.