Бишкек мэриясы: «Ош базарынын» аймагындагы ири өрт тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт»

Бишкек шаарындагы «Ош базарынын» аймагындагы ири өрт тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ленин акимиатынын маалыматы боюнча, Фучик көчөсү, 20/8 дарегинде 4-февралга караган түнү «Азия-Универсал» кичи базарында өрт чыгып, 2 күркө күйгөн. Бул окуя ири өрт категориясына кирбейт. Өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатат. Өрттөнүп кеткен күркөлөр «Ош базарынын» жана Токтогул менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги демонтаждалган объекттердин көчүрүлүшүнө тиешеси жок, анткени бул эки башка дарек.

«Шаар боюнча бардык уруксатсыз орнотуулар бузулууда. Бул багыттагы иштер активдүү уланууда. 2023-2024-жылдарда Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы 8 миңге жакын объектини демонтаждады. Бишкек шаарынын мэриясы жалпыга маалымдоо каражаттарын жана жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырат»,- дешти.