Бишкек мэриясы таштанды боюнча жарандарга кайрылды.
«Түнкү саат 19:00дөн 00:00гө чейин таштандыларды алып чыгууну суранабыз. Эскерте кетсек, таштанды контейнерлери түн ортосунан тарта бошотула баштайт. Таштанды ташыган унаалар түнү менен таңкы саат 5-6га чейин контейнерлерди бошотушат. Тилекке каршы, көп адамдар таштандыны эртең менен жумушка баратканда же күнү бою алып чыгышат. Анан кечинде таштанды контейнерлери толуп, таштандылар жолго төгүлө баштайт. Мындан улам шаар тургундарын таштандыларды кечинде гана алып чыгууну суранабыз. Таң атканга чейин “Тазалык” ишканасынын жумушчулары таштанды контейнерлерин бошотуп тазалашат. Күндүз таштанды ашыкча толтурулбай, тазалыкты сактоого шарт түзөт», — деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram








