Бишкек мэриясы: «Таштанды ташыган унаалардын айрым айдоочулары 80 миң сом айлык алып жатышат»

“Тазалык” муниципалдык ишканасы кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Таштанды ташыган унаалардын айдоочуларын материалдык иретте шыктандыруу максатында “Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин маянасы иш көлөмүнө жараша болот. 

«Азыр таштанды ташуучу унаалардын айрым айдоочулары айына 80 миң сомдон жогору айлык алышса, жогорулаганга чейин айдоочулар 30-35 миң сомдун тегерегинде айлык алышкан. Кесиптик эмгек акы – кызматкерлерге чыгарылган таштандынын көлөмүнүн эсебинен төлөнүүчү эмгек акы. Эми бир тонна таштанды үчүн таштанды ташыган айдоочуларга 125 сомдон төлөнөт», — деп айтылат маалыматта.