Бишкек мэриясы: «Тазалык» ишканасында 54,8 миллиондук мыйзам бузуулар аныкталган»

Мурунку жетекчиликтин 2019-2020-жылдар аралыгындагы ишинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында «Тазалык» ишканасында мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында абоненттер менен иштөөдө мыйзам бузуулар аныкталган. Бул иш Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-октябрындагы №136 токтомун бузуу менен жүргүзүлүп, 7 миллион 339 миң 300 сомдук зыян келтирилген. Ошондой эле, бекитилген сметада каралбаган тейлөө кызматкерлерине кошумча төлөмдөр боюнча 42 миллион 321 миң 900 сомдук мыйзам бузуулар аныкталган. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузулгандыктан дал келбеген сумма 35 миң 348 миң 300 сомду түзгөн. Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги мыйзамдарга ылайык Эсеп палатасынын даярдалган корутундусунун алкагында зарыл чараларды көрөт.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит башкармалыгы тарабынан «Тазалык» ишканасынын 2019-2020-жылдар аралыгындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 54 миллион 882 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталган.

Анын ичинде:
— 25 793 900 сом — келишимдерди негизсиз түзүү, жасалма өткөрүлгөн конкурс, аванстык төлөмдөр жана башкалар;
— 15 707 000 сом — муниципалдык заказдын эсебинен негизсиз сый акы акы төлөө;
— 6 101 800 сом — күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгаруу;
— 4 558 400 сом — негизсиз орнотулган жана иштен чыгарылган тетиктер;
— 1 227 900 сом — товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги;
— 455 000 сом — каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу.

Бул текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар юридикалык баа берүү жана зарыл чараларды көрүү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтүлдү. Борбор калаанын мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин кызматтык милдеттерин аткарууга жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырат.