Бишкек мэриясы: “Тунгуч” кичирайону, “Рухий Мурас”, “44 Га”конуштарында суу өчүрүлөт

14-июнда борбор калаанын айрым райондорунда суу өчүрүлөт. “Бишкек суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 14-июнда саат 09:00дөн 20:00гө чейин төмөнкү турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.
Сельский суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу суу өчүрүлөт. Өчүрүү аймагы — “Тунгуч” кичирайону, “Рухий Мурас”, “44 Га”конуштарын камтыйт.