Бишкек мэриясынын алдында коомдук транспорттогу жол акынын кымбатташына каршы митинг өттү

Бишкектин мэриясынын имаратынын алдына коомдук транспорттогу жол акынын кымбатташына каршы митинг өттү. Бул тууралуу жарандык активисттер билдирди.

“Мэрия тарифтерди көтөрүүгө макул болбошу керек, анткени коронавирус пандемиясы учурунда көптөгөн жарандар жумушсуз калышкан. Мындай учурда жол кире көтөрүлсө, анда пенсияны жана эмгек акыны да көтөрүү керек”, — дешет митингчилер.

Буга чейин жүргүнчү ташуучулар кичи автобустардагы жол акыны 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышып, иш таштоого чейин барышкан. Мэрияда бул маселени чечүү үчүн атайын топ түзүлгөн.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кичи автобустардын айдоочулары менен болгон жолугушууда жыл аягына чейин жол акыны көтөрүп беребиз деп убада кылган болчу.