Бишкек мэриясынын алдындагы шлагбаум тосмосу жана күркө алынды

Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте мэриянын астындагы күркөнү жана эки шлагбаумду алышты. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан билдиришти.
Бул иш-чара шаар куруу жана архитектуралык иш чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында өткөрүлдү.
Мыйзамсыз объектилер боюнча кайрылууларды башкармалыктын социалдык тармактардагы баракчаларына жөнөтүүгө болот:
Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: uzs@bishkek.kg