Бишкек мэриясынын эскертүүсү: Кар күрөлүп, муз тазаланбаса, айып пул салынат

8-декабрдан 11-декабрга чейин Бишкек мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан имаратка жакын аймактарды кардан жана муздан тазалоо боюнча рейд уюштурулду. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан билдиришти.
Аталган инспекция 200дөн ашык мекеме-уюмдарды кыдырып, 48 буйрук чыгарган. Мэрия бардык министрликтер менен ведомстволор, ишканалар, соода борборлору, дүкөндөр, күркөлөр жана башка уюмдар менчигинин түрүнө карабастан имараттын жанындагы аймактарды кардан жана муздан тазалоого милдеттүү экенин эскертет.

Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы токтому менен бекитилген Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, объекттердин жана (же) аймактардын менчик ээлери же пайдалануучулары бекитилген жана жанаша жайгашкан жерлерде жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорду, унаа токтотуучу жайларды кардан жана муздан тазалоосу керек. Болбосо, мыйзам бузуучуларга Укук бузуулар кодексинин 114-беренесине ылайык айып салынат:

— Калктуу конуштагы аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу, ошондой эле ошол аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабоо – эскертүүгө же жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.