Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала айтылган маалыматка ылайык, ал мамлекетке 1 миллион 120 миң сомдук зыян келтирилген.
«Бул факты боюнча жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 10-февралда Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси Т.Н. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди”,- деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.