Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды

Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала айтылган маалыматка ылайык, ал мамлекетке 1 миллион 120 миң сомдук зыян келтирилген.

«Бул факты боюнча жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 10-февралда Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси Т.Н. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.