Бишкек милициясы унаа тетиктерин сатуучу базарларга барып, уурдалган унааларды издешти (видео)

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан “Унаа издөө” аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

24-25-март күндөрү шаардык милициянын 400дөн ашык кызматкерлери транспорт каражаттарын уурдоого катышкан адамдарды аныктоо жана кармоо, мамлекеттик каттоо номерлерин алмаштыруу, транспорт каражаттарынын идентификациялык номерлерин (винкод) алмаштыруу, мурда уурдалган унаалардын запастык бөлүктөрүн мыйзамсыз демонтаждоо жана жерлерди аныктоо боюнча профилактикалык иш-чараларга тартылган. Ошондой эле, кырсык болгон жерден качып, анын ичинде адам өлүмү менен коштолгон жол унаа кырсыктарында из жашырган айдоочуларды издөө иштери жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлери шаардын аймагында көчмө постторду уюштуруп, башка мамлекеттин мамлекеттик номуру менен жүргөн унааларды текшеришти. Мындан тышкары, профилактикалык иш-чаралардын алкагында борбор калаада жайгашкан техникалык тейлөө станциялары, “Геология” унаа тетиктерин сатуучу жайлар жана “Кудайберген” базары текшерилди.