Бишкек милициясы телефондун уурдалганын аныктоочу тиркеме иштеп чыкты

Бишкек милициясы уурдалган чөнтөк телефонун аныктоочу тиркеме иштеп чыкты. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ага ылайык, мобилдик смартфонду дүкөндөн эмес, колдон сатып алып жатканда ошол тиркеме аркылуу ал уурдалган аппараттардын тизмесинде бар же жогун билсе болот. Ал тизмеге уурдалганы тууралуу арыз түшкөн телефондордун IMEI коду киргизилген.

“Бул тиркеме аркылуу уурдалган аппараттар боюнча кылмыш иштерин ачууга да оңоюраак болот деп ишенебиз” деп жазылат маалыматта.