Бишкек-Москва багыты боюнча эки рейс кармалып жатканы маалымдалды

Бишкек-Москва багыты боюнча эки рейс кармалып жатканын «Кыргызстан аэропорттору» ААКсынан кабарлашты.

Буга «Домодедово» аэропортунун убактылуу жабылганы себеп болгон. 130 жүргүнчү «Манас» аэропортунда күтүп отурушат, аларга тамак-аш берилери айтылды.

Мэр Сергей Собянин түндө Москвага дрондор менен чабуул жасалганын, анын 11и жок кылынганын билдирген.

Ал арада социалдык тармактарда Орусиянын аэропортунда тартылган видеолор жарыяланып жатат.