Бишкек — Москва аба каттамы боюнча билеттердин баасы 60 миң сомдон ашты

Бишкек – Москва аба каттамы боюнча билеттердин баасы 60 миң сомдон ашты. Бишкектеги авиакомпаниялардын бири менен байланышканыбызда, мындай каттамдын билет баасы 63 миң 32 сом экенин айтышты.

Мамлекеттик миграция комитетинин төрагасынын орун басары Самат Токтоболотовдун журналисттерге берген маалыматы боюнча, Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Азыр Орусияга баруунун эки жолу бар. Бири түз, экинчиси чартердик каттамдар аркылуу. Түз каттамдарга негиздеменин кереги жок. Бүгүнкү күндө кыргыз өкмөтү Орусия менен каттамдардын санын көбөйтүү максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Алгачкы кадамдар жасалууда. Президент Садыр Жапаровдун биринчи сапары да Москва шаарына болгону турат. Ал жерде негизги маселе катары авиакаттамдардын иши каралат»,- дейт ал.

Бүгүнкү күндө 800 миңге жакын кыргызстандык Орусияда эмгектене турганы айтылып келет. Ошол эле учурда миграция боюнча так статистика жок. Адистердин эсеби боюнча бактысын башка жактан издегендердин саны 1 миллиондон ашат.