Бишкек — Москва поезд каттамы пандемиядан кийин жанданды

18-декабрдан тарта Бишкек – Москва багыты боюнча жүргүнчү поезди кайрадан каттай баштады.  Бул тууралуу кечээ «Кыргызтемиржолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

«Каттамда жалпысынан 7 вагон бар. 2 купелик вагон жана 5 плацкарттык вагон. Билеттерди Бишкек-2, Беловодский, Кара-Балта, Кайыңды, Мерке, Ош жана Жалал-Абад бекеттеринин кассасынан алсаңыз болот», — деп айтылат маалыматта.

Темир жол каттамы 2020-жылдагы пандемиядан улам токтотулуп, андан бери жандана элек болчу. Поезд мурда Москвадагы Павелецкий вокзалына 3 күндүк жол жүрүү менен барат. Ал эми билеттин баасы 11 000 сомдон башталат.