Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда кыян жүрүп, жол ачылды

Кечээ, 17-августта саат 19:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 263-267-чакырымдар аралыгында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кыян жүрүп, жолдун бир тарабында каттам үчүн кыйынчылыктар жаралган.
Аймакты караган Жол тейлөө ишканасы атайын техникалардын жардамы менен калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп, саат 22:00дөр чамасында жол толук тазаланды.