Бишкек-Ош жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолдорунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүрүүдө

29-марттан баштап 4-апрелге чейин Бишкек-Ош жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолдорунда кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иши жүрөт. Анда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкү мажбурлап атып түшүрүлөт. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунун 121-138, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайынын 198-255 жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунун 1-14 чакырымдарында кар көчкү жүрүү коркунучу жаралган. Кар көчкүнү атып түшүрүү жарандардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында, атайын токтомдун негизинде ишке ашып келет.

Алыскы жолго чыгууда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактап, дөңгөлөк чынжыры, күрөк, трос, дары-дармек, жетиштүү тамак-аш алганды унутпаңыз. Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.