Бишкек, Ош жана Токмоктогу кайра шайлоого 617 миңден ашык шайлоочу катыша алат

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин кайра шайлоосуна 617 миң 517 киши катыша алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Анын ичинен Бишкекте шайлоочулардын тизмесине 426 миң 699, Ош шаарында 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу кирген.

Жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилип-киргизилбегенин «Тизме» порталынан, өзүнүн шайлоо тилкесинен, 1255 жана 119 номерлерине чалып (же 119 номерине паспорттогу жеке номерди жазып SMS жөнөтүп) текшере алат. Чалуу жана SMS жөнөтүү акысыз.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өткөн. Мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине болгон шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.