Бишкек-Ош жолу ачылды

Бишкек-Ош автожолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды. Учурда Арал постунан киргизилген оор жүк ташуучу унааларга болгон чектɵɵ күчүндө.

11-март таңкы саат 6:50 дɵ Бишкек-Ош автожолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түшкɵн. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу эки тараптуу жабылган. Жеринде № 23 жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан ыкчам түрдɵ керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.