Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып жатат

Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымында жалпы көлөмү 180 миң метр куб кар көчкү түшүп, анын ичинен унаа жолго 14 миң 400 метр куб  кар көчкү түшкөн. Учурда унаа жолу жабык. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Кар көчкү түшкөн жерде 13 куткаруучу, 1 КамАЗ, 1 АКУ, жол тейлөө ишканаларынан 5 жүктөгүч, ИИМ жана медицина кызматы иш алып барууда.

Токтогул районунун Арал постунда жана Жайыл районунун Сосновка постунда унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилип, Арал постунда 300гө жакын жеңил унаа жана 100гө жакын оор жүк ташуучу унаа, Сосновка постунда 75 оор жүк ташуучу унаа жана 52 жеңил унаа кезек күтүп турат. ӨКМ жана жергиликтүү бийлик тарабынан жылынуучу жайлар уюштурулуп, Арал постунда 150, ал эми Сосновка постунда 80 адамга тамак-аш берилди.