Бишкек-Ош жолунда дрифт уюштурган айдоочу 7,5 миң сом айыпка жыгылды

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек-Ош унаа жолунун 61-чакырымында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу дрифт уюштурган видео жарыяланган.

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан айдоочу табылып, 7,5 миң сом айып салынганын билдирди.