Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүп, жол жабылды

Бүгүн, 7-мартта саат 11:30да «Сосновка» постунда унаалардын бардык түрүнө каттам убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 120-121-чакырымында (Абла тилкеси) кар көчкү түшкөн. Учурда жол убактылуу жабык. Ал жерге тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн №9 Жол тазалоо ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, ыкчам топ жана 129-чакырымда нөөмөттө турган 3 куткаруучу тартылды.