Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти (видео)

Социалдык тармактарда Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаа күйүп кеткен видео тарады.

Маалыматка караганда, кырсык 7-майга караган күнү таңга маал болгон. Окуянын күбөлөрү айдоочу аман-эсен экенин билдиришти. Милиция азырынча маалымат бере элек.