Бишкек-Ош жолунда таштанды терген апанын видеосун Садыр Жапаров баракчасына жүктөдү

Президент Садыр Жапаров Бишкек-Ош жолунда таштанды терген апанын видеосун соцтармактагы баракчасына жүктөдү. Анда ал таштанды таштабаш керектигин, уят экенин айткан.

Бул видеону буга чейин президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков да бөлүшкөн болчу.