Бишкек-Ош жолундагы ашуу жана Өтмөктө жол убактылуу жабык

Бишкек-Ош жана Бишкек-Талас каттамы боюнча Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашуулары аркылуу өтүүчү жолдор убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган ашууларда кар катуу жаап, шамал болуп жатат. Мындан улам бардык унаа каражаттарынын каттоосу аба ырайынын оңолушуна чейин толугу менен токтотулду. Чүй облусу тарабынан Сосновка айылы, Жалал-Абад облусунан Чычкан жана Талас облусу тарабынан Осмонкулов айыл аймагы тарабынан унаа каттамдары толук токтотулду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бөөдө кырсыктардан алыс болуп жана
жол кырсыгынын алдын алуу максатында жарандарды ашуулар аркылуу өтүүчү жолдор менен сапарга чыгууну токтотуп турууну суранат.