Бишкек — Ош жолундагы чуңкурлар жамалып жатат

Бишкек — Ош жолундагы аң-чөнөктөр толтуруп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күндө №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунун 118-130-чакырымдар аралыгындагы аң-чөнөктөр жамалууда.

«Азыркы тапта жолчулар тарабынан 2312 м2 аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери аткарылды. Алдыда жумуштар планга ылайык уланат»,- деп айтылат маалыматта.