Бүгүн, 24-январь күнү Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында түзүлгөн ыкчам топтун курамы жана Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби саат 11:48ден саат 11:57ге чейин Бишкек – Ош унаа жолунун 132-чакырымында 4 снаряд атылып, баары жарылган. Натыйжада көлөмү 8600 м3 кар көчкү түшүп, жолго жеткен эмес.
Кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу тилкесинде жүрүп жатат.