Бишкек-Ош унаа жолу: Бир тараптуу каттам бар, тазалоо иштери уланууда

Бишкек-Ош унаа жолунун 416-чакырымында бир тараптуу каттам бар, тазалоо иштери уланууда. Жеринде №30 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат. Бул тууралуу Транспорт  министрлигинен маалымдашты.
Кечээ, 12-май күнү кечки саат 17:10 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 416-чакырымындагы тилкесине таш түшүп, жол жабылган. Аймакты тейлеген жолчулар тарабынан дароо тазалоо иштери жүргүзүлүп, бир тараптуу каттам берилген.