Бишкек-Ош унаа жолун оңдоо иштери башталды

Бишкек-Ош унаа жолунда оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, оңдоо иштери 61-чакырымдан 103-чакырымга чейин жүрүп жатат.

«Фрезерлөөчү агрегат Төө-Ашуу ашуусунда жайгашкан жана жакынкы күндөрү асфальттын эски үстүнкү катмарын тазалоо иштери башталат, ошондой эле жол белгилери орнотулат»,- деп айтылат маалыматта.