Бишкек-Ош унаа жолуна таш түштү. Жол бир тараптуу ачык

Бишкек-Ош унаа жолунун 425-чакырымында болжол менен 50 метр куб таш кулап, жолду эки тараптуу жаап калды.

Жерине Кара-Көл шаардык №94 ӨККБдан 3 куткаруучу жана №30-ЖТИнан 2 бирдик оор техника, облустук ЖКККБдан 1 экипаж тартылып, аталган жол саат 15:13дө бир тараптуу ачылды. Учурда тазалоо жумуштары уланууда. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алыс жолго чыккан айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл экендигин эскертет.