Бишкек-Ош унаа жолундагы кар көчкүгө каршы кыргыз-жапон “Достук” галереясы салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, Жапониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хидэки Года баштаган кызматкерлер катышты. Акылбек Жапаров уникалдуу курулуштардын катарын толуктаган жабык типтеги тоннелди курууга көмөк көрсөткөнү үчүн Жапон өкмөтүнө жана JICA агенттигине ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле жолдун 246-чакырымында орун алган галерея кар көчкү учурунда унаалардын токтоп калуусун алдын алып, эң башкысы айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуз өтүүсүн камсыз кыларын белгиледи.