Бишкек-Ош унаа каттамы үчүн Өзгөн айланма жолунун алгачкы этабы башталды

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» жарлыгына өткөн жылы кол койгон.

Мындай чечим Бишкек-Ош унаа жолунда, анын ичинде Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкеде жол кыймылын азайтуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында кабыл алынган. Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке айланма жолду салуу үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо тапшырмасына ылайык, Өзгөн шаарына айланма жол куруу маселесин иштеп чыгуу тапшырылган. Анын негизинде айланма жол өтүүчү Кара-Дарыянын эки жээгин бекемдөө иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги колго алып, азыркы тапта жумуш кызуу жүрүүдө.

Учурда дарыянын сол жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат. Аны бекемдөөгө ӨКМ жалпысынан 26 техника бөлгөн. Жумуштун жүрүшү менен Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов жеринде кабар алып, тийиштүү тапшырмаларды берди.