Бишкек прокуратурасы Kloop.kg басылмасын жабуу үчүн сотко кайрылды

Бишкек прокуратурасы Kloop.kg басылмасын жабуу үчүн Октябрь жана Биринчи Май райондук сотуна кайрылды.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, «сайтта жана социалдык тармактарда жарыяланган материалдар азыркы бийликтин саясатын кескин сынга алууга багытталган». Прокуратура басылманын макалаларынын көбү «мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн каралоого багытталган жана терс мүнөзгө ээ» деп эсептейт.

Аталган басылма оппозициялык маанайдагы маалыматтарды байма-бай чагылдырып келгени маалым.