Бишкек — Санкт-Петербург аба каттамы боюнча бүгүнкү учак учкан жок

Бүгүн, 11-июнда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Мирлан Өмүралиев аттуу жаран кайрылып, «Манас» эл аралык аэропортунан Орусияга учуучу каттамды жылдырып жатканын айтты.

«Негизинен учуучу убакыт саат 15:50гө белгиленген эле. Бирок 18:30га жылдырышты. Анан 23:30га жылдырышты. Акыры каттамдагы учак учпай калды. Билет 300 кишиге сатылыптыр, ошонун бардыгы каттамды күтүп отурдук. Эми азыр акчасы барлар кете башташты. Акчасы жоктор аэропортто отурабыз. Арабызда алыстан да келгендери бар», — деди Мирлан Өмүралиев.

Бул боюнча «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы менен байланышканыбызда, маалыматты тастыкташты. «Урал аба жолдору» компаниясыныкы. Ооба, убактысын жылдырып келип, акыры каттамды токтотушту. Бирок бул жерде аэропорттун эч тиешеси жок. Анткени учактын учуусуна аэропортто бардык мүмкүнчүлүк бар болчу. Аба ырайы деле тоскоолдук жаратчудай эмес болчу», — дешти алар.

Ал эми «Урал аба жолдору» компаниясы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.