Бишкек шаардык кеңешин шайлоо 11-апрелге белгиленди

Бишкек шаардык кеңешин шайлоо 2021-жылдын 11-апрелинде өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйын учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ал Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерди шайлоо боюнча мыйзамына ылайык, жергиликтүү шайлоолор апрель айынын экинчи жекшембисинде өтөрүн айтты.

Бишкек шаардык кеңештин курамына 45 депутат кирген. Алар 4 жылга шайланат.

Учурда Бишкек шаардык кеңешинин курамында 5 фракция бар. Алар: “КСДП”, “Республика-Ата Журт”, Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партиялары.

Шаардын 2021-жылдагы бюджети 10,2 миллиард сом болуп бекиген болчу.