Бишкек шаардык кеңешинин 45 депутаттык мандатына 1820 талапкер ат салышат

Бишкек шаардык кеңешинин 45 депутаттык мандатына жалпы 25 партиядан 1820 талапкер ат салышышат. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан билдиршти.

Белгилей кетсек, шаардык кеңештерге партиялардын үгүт иштери бүгүн, 12-марттан тарта старт алды.

Ал эми аларды шайлоо (28 шаардык жана 420 айылдык кеңешти) үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өтөт. Алар 4 жылдык мөөнөткө шайланышат.