Бишкек шаардык кеңешке аттанган партиялардын бюллетендеги номерлери аныкталды

Бүгүн, 15-мартта Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шаардык кеңешке депутат болуп келе турган партиялар арасында чүчү кулак карматып, бюллетендеги катар номерлерин аныктады.

Ага ылайык, Бишкек шаардык кеңешке аттанган партиялардын бюллетендеги номерлери төмөнкүдөй:

1. «Улутман»;
2. «Ыйман Нуру»;
3. «Биздин эл»;
4. Кыргызстан демократиялык кыймылы;
5. «Замандаш»;
6. «Улуу-Журт»;
7. «Ишеним»;
8. «Свобода выбора»;
9. «Власть народа»;
10. Кыргызстан коммунисттер партиясы;
11. «Социал-демократтар»;
12. «Ата-Журт Кыргызстан»;
13. «Республика»;
14. «Айкөл Кыргызстан»;
15. Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы;
16. «Тынчтык»;
17. «Кыргызстан»;
18. Кыргызстан жашылдар партиясы;
19. «Ак бата»;
20. Кыргызстан социалдык партиясы;
21. «Бүтүн Кыргызстан»;
22. «Эмгек»;
23. «Реформа»;
24. «Ынтымак»;
25. «Патриот».

Маалыматка ылайык, чүчү кулакка аталган партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана коомдук байкоочулар катышты. Ошондой эле учурда өлкөнүн 28 шаарына депутат болом деген партиялар арасында бюллетендеги катар номерлери аныкталууда. Өлкөдө жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 11-апрелде өтөт.