Алгачкы жыйынтыктар боюнча Бишкек шаардык кеңешине кайсы партиялар өттү?

Бишкек шаардык кеңешин шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы белгилүү болду. Саат 18:00гө карата борбордогу шайлоочулардын 28,89 пайызы добуш берүүгө катышкан. 7 пайыздык чектен өткөн партиялар мандатка ээ болот.

Саат 20:30га карата алдын ала жыйынтык:

«Эмгек» партиясы — 13,68%

«Ак Бата» партиясы — 12,75%

Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы — 10,4%

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы — 9,9%

«Биздин эл» партиясы — 7,94%

«Ынтымак» партиясы — 7,35%